
Play all audios:
МОСКВА МЕНЕН ВАШИНГТОН МАМИЛЕСИ КУРЧУДУ, УКРАИНАДАГЫ СОГУШ КОРКУНУЧУ 16 апрель 2021 АКШ ПРЕЗИДЕНТИ ЖО БАЙДЕН ОРУСИЯГА КАРАТА ЖАҢЫ САНКЦИЯЛАРДЫ ЖАРЫЯЛАДЫ. МУНУ МОСКВАНЫН АМЕРИКАЛЫК ӨКМӨТТҮК
МЕКЕМЕЛЕРДИН САЙТЫНА КАРШЫ КИБЕРЧАБУУЛ УЮШТУРГАНЫНА ЖАНА 2020-ЖЫЛДАГЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО ТААСИР ЭТҮҮ АРАКЕТИНЕ ЖООП ДЕДИ. Ошондой эле Ак Үй америкалык каржы институттарына Орусиянын
банктарында чыгарылган облигацияларды жана рубль алууга тыюу салды. Орусиянын бийлиги менен кызматташкан 32 уюмга жана физикалык тараптарга карата чектөө чараларын киргизди. Мындан сырткары
АКШ орусиялык 10 дипломатты өлкөдөн чыгарат. Орус бийлиги киберчабуулду жана шайлоого кийлигишти деген айыптоолорду кескин четке кагып келүүдө. Москва Вашингтондун санкцияларына "сөзсүз
жооп кылаарын" айтты. УКРАИНАГА СОГУШ КОРКУНУЧУ АКШ менен Орусия ортосундагы мамиленин курчушу Украинага байланышкан чыңалуунун фонунда болууда. Украинанын чек арасына орусиялык
аскерлер топтолуп жатканы тууралуу кабатырлануулар күчөдү. Украин басылмалары Донецк менен Луганск облустарында дагы кырдаал курчуп жатканын жазууда. Жыл башынан бери куралдуу чатактан 29
аскер кызматкери каза тапты. Киев жана аны колдоп жаткан Батыш Орусиянын аракеттерин кооптуу деп баалап, чек арадан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды. Москва болсо батыш чек арасына аскер
бөлүктөрүн топтогонун "машыгуу өткөрүп жатканы" менен түшүндүрдү. Бул НАТО тарабынан "агресивдүү аракеттердин" фонунда өтүүдө деген орус тарап. Skip Эң көп окулгандар and
continue reading ЭҢ КӨП ОКУЛГАНДАР * Британиянын мурдагы аскерлери: Ооганстан менен Иракта кармалгандарды өлтүрүү кадыресе көрүнүш болгон * "Эмнени сөз кылмак элек?" Путин
Зеленский менен сүйлөшүү мүмкүндүгүн четке какты * Орусия өзөктүк объектилерин тымызын жаңылоодо. Жашыруун документтер ачыктаган сырлар * Атамбаев 11,5 жылга соттолду, Жапаров ага ырайым
берилиши мүмкүн экенин айтты End of Эң көп окулгандар Бейшембиде НАТОнун союздук аскер бөлүктөрүнүн жетекчиси, америкалык генерал Тод Уолтерс биринчи жолу Орусия менен Украина ортосундагы
согуш коркунучу тууралуу пикирин айтты. Сенаторлордун суроолоруна жооп берип жатып, кырдаалды "олуттуу тынчсызданууну жаратат" деп баалады. Алдыдагы апталарда аскердик бастырып
кирүү коркунучу канчалык мүмкүн деген суроого, Уолтерс "эң төмөндөн ортого чейин" деп жооп берген. ЗЕЛЕНСКИЙДИН ПАРИЖГЕ САПАРЫ Украинанын президенти Владимир Зеленский иш сапары
менен Парижге барат. Ал Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ага Германиянын канцлери Ангела Меркель видео байланыш аркылуу катышаары айтылды. Франциялык
басылмалар Зеленский украин чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүү ниетинде экенин жазып чыкты. Ошондой эле Украина чыгышындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жайгаруу боюнча жаңы саммит
тууралуу кеңешет.