
Play all audios:
“ӨЛҮП КАЛАМ ГО ДЕП ОЙЛОГОМ”: КЫЗ АЛА КАЧУУ КҮЧ АЛГАН АРАЛ ARTICLE INFORMATION * Author, Лиза Тамбунан * Role, BBC News Indonesia * 22 июль 2020 ИНДОНЕЗИЯНЫН СУМБА АРАЛЫНДА КЫЗ АЛА КАЧУУ
КЕҢИРИ ТАРАГАН. ЭКИ КЫЗДЫН УУРДАЛЫП ЖАТКАНЫ ВИДЕОГО ТАРТЫЛЫП, ӨЛКӨДӨ ЧУУ ЧЫККАНДАН КИЙИН ӨКМӨТ КИЙЛИГИШҮҮГӨ АРГАСЫЗ БОЛДУ. Индонезияын бийлиги Сумба аралындагы ала качуу салтына бөгөт
коюулат деп убада кылды. Аралда эки кыздын уурдалып жатканы видеого түшүп калганы кызуу талкууга жем таштады. Ситра (ысымы өзгөртүлгөн) жумушка байланыштуу жыйынга чакырылган. Ал жергиликтүү
кайрымдуулук уюмунда иштейт. Ситрага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү деп өзүн тааныштыргандар байланышып, биргелешкен долбоордун бюджетин бир сыйра карап чыгалы деп суранган. 28 жаштагы
Ситра жалгыз баруудан тартынган, бирок бул жыйын анын ишине абдан маанилүү эле. Бир саат өткөндөн кийин эки расмий жыйынды башка жерден уланталы деп өтүнүшкөн. Ситра алардын унаасына түшпөй,
бара турган жерге мотоцикл менен жетип алам деп жооп берген. Ал ачкычын издеп жатканда, артынан бирөө кармап, топтошкон эркектер унаага салып кеткен. "Мен аларды уруп, кыйкырып жаттым.
Болбой эле унаага түртүп киргизишти, алым жеткен жок. Унаанын ичинде эки эркек мени кармап турду. Эмне болуп жатканын дароо түшүндүм",-деди ал. Skip Эң көп окулгандар and continue
reading ЭҢ КӨП ОКУЛГАНДАР * "Көкүрөккө эки жолу аткан". Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Айзирек * "Клооптун" журналисттерин жапырт суракка алуунун артында эмне турат? *
Казыяттагы каржыдан чыккан чуу. Санагын тактоого санарип керекпи? * "Канчага чейин чыдайбыз?". Евробиримдиктин 17 өлкөсү Венгрияны жазалоого чакырды End of Эң көп окулгандар *
Блог: Өз бактыбыз үчүн күрөшөлү, кыздар * БУУ: Кыз ала качуу - кыргыз салты эмес, кылмыш Ала качуу Сумба аралында kawin tangkap деп айтылат. Адам укуктарын коргогон уюмдар мындай салтты
токтотууга үндөгөнү менен, Балинин чыгышында жайгашкан аралда ала качуу дагы деле кеңири жайылган. Бирок ала качуу учурунда тартылган үрөй учурган видеолордон кийин борбордук бийлик
кийлигишип, мындай салтка бөгөт коюуга киришти. "ӨЛҮП КАЛАМ ГО ДЕП ОЙЛОГОМ" Унаанын ичинен Ситра сүйлөшүп жүргөн жигитине жана ата-энесине эмне болуп жатканын жазып салууга
жетишкен. Ал бара турган жерге жеткенде гана үй атасынын алыскы туугандарыныкы экенин түшүнгөн. "Абдан көп киши күтүп туруптур. Мени күч менен алып киришкенде, салтка ылайык ырымдарын
башташты",-дейт Ситра. Сумба аралында ислам менен христиан дининен тышкары, анимизмге ишенгендер көп. Анимизм - бардык нерселерде, кубулуштарда жашырынып жата турган жана аларды
"башкара" турган жаратылыштан тышкары өзгөчө күч жана рух бар деп ишенүү. "Сумбада бирөөнү ала качып, чекесине суу куюлса. Бул кыз кудайдан коркуп үйдөн чыкпай калат. Менин
дагы чекеме суу куюуга каракет кылышты. Бирок мен ага жол берген жокмун",-дейт Ситра. * "Кылмыш экенин билген эмесмин": 16 жаштагы кызын турмушка берген киши соттолду * Аялдар
укугу: «Зерелер» эмнеге умтулууда? Ала качып кеткен үй-бүлө "баарыбыз эле ушинтип күйөөгө чыкканбыз", "бул үйдө багың ачылат" деп айтышкан. "Тамагым кургап калгыча
ыйладым. Колумдагы ачкым менен ичимди урдум, жерге кулаганда турбай жаттым. Аларга муну каалабайм деп түшүндүрүүгө аракет кылдым",-дейт Ситра. Ситраны алты күн бою кармашкан. Башкача
айтканда ал туткунда отурду. "Токтобой ыйладым. Уктаган жокмун. Өлүп калам го деп ойлогом". Ситра суу же тамак дагы ичпей койгон. Себеби ала качып кеткен үй-бүлөнүн тамагын жеп
алса, ал макулдугун берди дегендин белгиси болуп калмак. Ситранын сиңдиси ала качып кеткен үй-бүлөгө эжесин көндүрүүгө келдим деген шылтоо менен, тамак жеткирип берип турду. Ата-энеси болсо
адам укуктарын коргогон уюмдарга кайрылып жана кызы турмушка чыгууга каалабай жатканын, сүйлөшүп жүргөн жигити бар экенин түшүндүрүү үчүн кыштактын аксакалдары менен сүйлөшүүлөрдү дагы
өткөрдү. Аялдардын укугун коргогон Peruati уюму соңку төрт жылда жети кыз уурдалганын айтты. Бирок эч ким билбей калган учурлар мындан кыйла көп. Жети кыздын үчөө гана үйүнө кайтып барган.
Башкаларды күч менен турмушка чыгарышкан. "Күйөөгө чыккысы келбей койгон кыздарды кемсинтишет. Эч качан балалуу болбойсуң, турмушуңа балта чаптың деп коркутушат. Кудай жалгап мен
сүйлөшүп жүргөн жигитиме күйөөгө тийдим. Бир жаштагы балабыз бар",-дейт Ситра. Эксперттердин айтымында, ала качууга тыюу салган атайын мыйзам жок. Бирок видеолор чуу жараткандан кийин
Сумбанын жергиликтүү бийлиги жана диний лидерлери ала качууну токтотобуз деген убада беришти. Аялдардын укугун коргоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча министр Бинтаң Пуспайога баш калаа
Жакартадан Сумба аралына барып, ала качууну токтотобуз деген убада берди. "Аксакалдар жана диний лидерлери ала качууну жок кылуу керек экенин белгилешти. Ала качуу Сумбанын чыныгы
салты эмес",-деди ал. (AT)