
Play all audios:
БОРБОР АЗИЯ: КОРОНАВИРУСКА БАЙЛАНЫШКАН КЫРДААЛ КООПТОНДУРУУДА 25 март 2021 КЫРГЫЗСТАНДА КОРОНАВИРУС ИНФЕКЦИЯСЫНЫН ЖАҢЫ УЧУРЛАРЫ КӨП КАТТАЛА БАШТАДЫ. АКЫРКЫ СУТКАДА 106 КИШИДЕН АНЫКТАЛЫП, ЭКИ
КИШИ КАЗА ТАПТЫ. КЕЧЭЭ ДАГЫ ИЛДЕТТЕН ЭКИ АДАМ КӨЗ ЖУМУП, 115 ЖАҢЫ УЧУР КАТТАЛГАНЫ АЙТЫЛГАН. БУЛ ӨТКӨН ЖЫЛДЫН КҮЗ АЙЫНАН БЕРКИ ЖОГОРКУ КӨРСӨТКҮЧ. Жаңы катталган учурлардын көбү өлкө баш
калаасы Бишкекте жана Чүй облусунда. Адистер кырдаал курчуп кетсе чектөө чаралары дагы киргизилиши мүмкүн экенин айтууда. Өткөн аптадагы өкмөттүк жыйында саламаттык сактоо расмийлери
санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгы тууралуу эскертти. Бирок ага карабастан Кыргызстанда калктын басымдуу көпчүлүгү беткап тагынбай, социалдык аралыкты сактабай, жашоо мурдагы агымына
түшкөнүнө көп болду. Кыргызстан алдыда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөрмөкчү. Үгүт иштери Бишкек менен Ошто жандуу жүрүүдө. Келерки аптадан тарта өлкөдө жапырт эмдөө
өнөктүгү башталууда. Алгач медицина кызматкерлери, агартуучулар, укук коргоо органдарында иштегендер эмделет. Бул үчүн Кытайдан 150 миң доза вакцина келген. Жарнама Өткөн жылы Кыргызстандын
экономикасы пандемиядан очорулуп калды. Күз айынан бери баалар өсүп, элдин кирешеси кескин төмөндөдү. Учурда Кыргызстанда ички дүң өндүрүмдүн 47 пайызын тейлөө тармагы берет. Бул
соода-сатык, мейманкана жана ресторан бизнеси, автоунаа оңдоо сыяктуу тармактар. Өткөн жылы бул тармактар чоң жоготууга учураган. Ошондуктан бул жолу Кыргызстан карантин чараларын киргизсе
кырдаал мындан да оор болот. Бирок эпидемиологиялык абал начарласа, өкмөт чектөө чараларына аргасыз барышы мүмкүн. Skip Эң көп окулгандар and continue reading ЭҢ КӨП ОКУЛГАНДАР *
"Көкүрөккө эки жолу аткан". Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Айзирек * Казыяттагы каржыдан чыккан чуу. Санагын тактоого санарип керекпи? * "Канчага чейин чыдайбыз?".
Евробиримдиктин 17 өлкөсү Венгрияны жазалоого чакырды * "Клооптун" журналисттерин жапырт суракка алуунун артында эмне турат? End of Эң көп окулгандар ӨЗБЕКСТАН Кечээ Өзбекстанда
коронавирустун 138 жаңы учуру катталып, эки киши каза тапканы тууралуу кабарлар чыкты. Жыл башынан бери мындай учур катталган эмес эле деп жазды өзбек басылмалары. Жаңы учурдун дээрлик
көпчүлүгү Ташкентте. Өзбек бийлиги баш калаага жана Ташкент облусуна карантин чалараларын киргизген. 24-мартта коомдук жайларда беткапты сөзсүз тагып жүрүү милдеттендирилди. Бүгүн дагы бир
катар кошумча чаралар кирет. Расмийлер жаңы учурлардын арасында "британ штаммы катталды" дегенди четке какты. Буга чейин өлкөдө британ штаммы аныкталганы белгилүү болгон. Өзбекстан
1-апрелден тарта калкты жапырт эмдей баштайт. КАЗАКСТАН Казакстанда өткөн суткада 1105 кишиден коронавирус инфекциясы аныкталды деп айтылат расмий маалыматта. Алматыда үй шартында
карантинге алынгандар беш эсеге өскөн. Дарыгерлер Нур-Султан менен Алматы шаарына башка аймактардан келбей турууга чакырууда. Алматыга толук локдаун жарыялоо тууралуу дагы кеп сөздөр
жүрүүдө. Алматыда 21-28-мартка чейин карантин чектөөлөрү киргизилген эле. Соода борборлору, кийим-кече саткан базарлар толук жабылган. Кафе жана ресторандар үйгө жеткирүү кызматын гана
көрсөтүүдө. Коомдук транспорт белгиленген сааты менен гана иштеп жатат. (AbA)